Эмгек мигранттарынын эмгек ишмердүүлүгү жана аларды социалдык коргоо маселелери боюнча Биргелешкен кыргыз-орус жумушчу тобунун 18-жыйыны өттү
2026-жылдын 16-июлунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде видеоконференция байланышы (ВКБ) режиминде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эмгек мигранттарынын эмгек ишмердүүлүгү жана аларды социалдык коргоо жөнүндө 1996-жылдын 28-мартындагы Макулдашууну жана ага карата 2003-жылдын 22-сентябрындагы Протоколду ишке ашырууда келип чыккан көйгөйлүү маселелерди талкуулоо боюнча Биргелешкен кыргыз-орус жумушчу тобунун Он сегизинчи жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага эки өлкөнүн негизги министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.
Кыргыз тарапты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков жетектеди. Топтун курамына курамына КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, КР Тышкы иштер министрлигин, КРнын РФдагы Элчилигинин, КР Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин, КР Агартуу министрлигинин, КР Ички иштер министрлигинин, КР Чек ара кызматынын, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, ошондой эле КР Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү кирди.
Россия тараптын делегациясын Россия ИИМдин Чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана жарандык маселелери боюнча кызматынын башчысынын орун басары – Уруксат берүү жана виза иштери боюнча департаментинин башчысы, полициянын генерал-майору К.О. Адзинов жетектеди. Ошондой эле жыйынга Россиянын ИИМ, ТИМ, Экономикалык өнүктүрүү министрлиги, Просвещение министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Рособрнадзор жана Роструд ведомстволорунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар мурунку (он жетинчи) протоколдун чечимдеринин аткарылышын жыйынтыктап, актуалдуу статистикалык маалыматтар менен алмашышты жана учурдагы миграциялык кырдаалды, ошондой эле эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү талкуулашты.
Жолугушуунун катышуучуларынын негизги көңүлү Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалынын негизги көйгөйлүү маселелерин кароого багытталды.
Жыйындын жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк принциптерине берилгендигин ырасташты жана эмгек мигранттарын ишенимдүү социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыз кылуу үчүн көтөрүлгөн маселелерди биргелешип иштеп чыгууну улантууну макулдашышты















