Эмгек министрлиги Токмок шаарындагы №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге байланыштуу жагдай боюнча түшүндүрмө берет

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт, жалпыга маалымдоо каражаттарында Токмок шаарындагы №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге байланыштуу жарыяланган маалымат Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан 2026-жылдын 19-майында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жыйынтыгына тиешелүү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия социалдык кызмат алуучулардын жашоо шарттары менен таанышып,  мекемеде жашаган кызмат алуучулар менен жекече маектер өткөрүлгөн.

Текшерүү жүргүзүлгөн учурда кызмат алуучулар тарабынан жашоо шарттарына же мекеменин ишине байланыштуу эч кандай даттануулар айтылган эмес.

Текшерүү жүргүзүлгөн күнү кызматтык турак үйлөрдүн биринин аймагында канализация түтүгүнүн бүтөлүшүнүн кесепетинен саркынды суунун топтолушу катталган. Маселе аныкталгандан кийин мекеменин администрациясы дароо Токмок шаарынын мэриясына кайрылып, атайын техниканын жардамы менен канализация тутуму ыкчам түрдө тазаланган.

Министрлик ошондой эле мекеменин инфраструктурасын жаңылоо иштери ведомствонун пландуу иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүп жатканын маалымдайт. 2026-жылы төрт кабаттуу турак жай корпусуна жана тамак-аш блогунун имаратына капиталдык оңдоо иштери башталат. Ал эми 2027-жылы канализация тутумун алмаштыруу жана кызматтык батирлердин чатырын капиталдык оңдоо иштери пландаштырылган.

Министрлик мекемедеги кырдаалды туруктуу көзөмөлдөп турат. Социалдык кызмат алуучулардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иштер бекитилген планга ылайык ырааттуу жүргүзүлүүдө.

                   

Пайдалуу
Ссылкалар