Германия Федеративдүү Республикасында Ferienjob программасы боюнча иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча кырдаал тууралуу
2026-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын жарандарын Ferienjob программасы аркылуу Германия Федеративдүү Республикасына «Немецкая академия» окуу борбору (Samara Academy) ЖЧКсы (№001179 уруксаттын негизинде иш жүргүзөт) жөнөткөнүнө байланыштуу социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири коомдук талкуу жаратты. Айрым маалыматтарда жарандардын бир бөлүгү жумушсуз жана турак жайсыз калып, оор абалга туш болгону айтылган.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору ыкчам түрдө маалыматтарды текшерүүнү уюштуруп, Кыргыз Республикасынын жарандары, Samara Academy компаниясынын жетекчилиги жана иш берүүчү Global Recruit Services GmbH компаниясынын өкүлү Энди Вебер менен байланыш түздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 2026-жылдын 20-июлунда иш берүүчү ESN компаниясынан түшкөн буйрутмалардын көлөмү олуттуу кыскаргандыгы тууралуу билдирүү алгандыктан, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу Кыргыз Республикасынын 130 жараны менен эмгек мамилелерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынганы аныкталды. Бул чечим биздин жарандардын кандайдыр бир мыйзам бузуу аракеттерине байланыштуу эмес. Ишке орноштурууну уюштуруу боюнча түзүлгөн кызмат көрсөтүү келишимине ылайык, жумуштун мөөнөтү 28ден 90 календардык күнгө чейин белгиленет. Ошол эле учурда иш берүүчү келишимдин мөөнөтүн бир тараптуу тартипте 28 календардык күнгө чейин кыскартууга укуктуу. Ушуга байланыштуу келишимдин шарттары бузулгандыгы тууралуу маалыматтар тастыкталган жок.
Аталган программа боюнча Германияга жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын 130 жаранынын ичинен 2026-жылдын 23-июлуна карата 50гө жакын жаран башка компанияларга жумушка орноштурулду. Калган жарандарды ишке орноштуруу иштери улантылып, туруктуу көзөмөлдө турат. Учурда 80ге жакын жаран Бремен шаарында жүрөт, калгандары болсо буга чейин жумушка орношкон же Германиянын башка аймактарына ишке орношуу үчүн кетишкен же жакын арада жөнөп кетүүгө даярданышууда.
Жеринде түзүлгөн кырдаалды текшерүү, жарандардын жашоо шарттарына баа берүү, эмгек акыларынын төлөнүшүнө көзөмөл жүргүзүү жана зарыл консулдук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ө. Текебаев жана консул Т. Нажимудинов 2026-жылдын 23-июлунда Берлин шаарынан Бремен шаарына барышты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын консулдук кызматкерлери иш берүүчүлөр жана жарандар менен жеринде жолугушууларды өткөрүп, кырдаалды ыкчам жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги жана Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору түзүлгөн кырдаал толук жөнгө салынганга чейин Samara Academy, Германиядагы иш берүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен өз ара аракеттенүүнү улантып, жарандардын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди улантат.
Элчилик жана Борбор жарандарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат. Кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү тууралуу кошумча маалымат берилет.














