Эмгек министри Канат Сагынбаев Талас облусундагы социалдык стационардык мекемелерге барды

 

Талас облусуна болгон жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев министрликтин карамагындагы эки социалдык стационардык мекемеге барды.

Министр Бакай-Атадагы улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде, ошондой эле Покровка айылындагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде болду.

Сапардын жүрүшүндө министр социалдык кызмат алуучулардын жашоо шарттары, аларга көрсөтүлүп жаткан кам көрүү жана медициналык коштоо, мекемелердин материалдык-техникалык камсыздалышы, тамак-аштын сапаты менен таанышып, кызмат алуучулар жана кызматкерлер менен баарлашты. Өзгөчө туруктуу камкордукка жана социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн татыктуу жана коопсуз шарттарды түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Канат Сагынбаев улгайган жарандарга жана майыптыгы бар адамдарга кам көрүү мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон каларын белгиледи. Анын айтымында, жашоо-тиричиликке ылайыктуу шарттарды түзүү менен катар ар бир жашоочу үчүн урмат-сыйга, көңүл бурууга жана психологиялык жактан ыңгайлуу чөйрөгө негизделген атмосфераны камсыз кылуу зарыл.

Министр ошондой эле мекеме жетекчилери менен алардын учурдагы ишмердүүлүгү, кадрдык камсыздоо, инфраструктуранын абалы жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чараларды талкуулады. Сапардын жыйынтыгында тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө конкреттүү тапшырмалар берилди.

Учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагында 17 социалдык стационардык мекеме иштеп, анда 2443 социалдык кызмат алуучу жашайт. Талас облусунда алардын экөө жайгашып, туруктуу колдоого муктаж жарандарга сутка бою социалдык жардам жана кам көрүү кызматтарын көрсөтүп келет.

Пайдалуу
Ссылкалар