Эмгек министрине сурооңуз барбы? Жеке кабыл алууга жазылыңыз!

Эгерде сизде суроолор, сунуштар болсо же Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрине жеке кайрылууну кааласаңыз, жеке кабыл алууга жазыла аласыз.
Ошондой эле сиз алыскы аймакта жашасаңыз же жеке өзүңүз келе албасаңыз, министрдин кабыл алуусуна видеоконференция байланышы аркылуу онлайн форматта катышуу мүмкүнчүлүгү да каралган.
Бул үчүн 1966 кыска номерине (чалуу акысыз) чалып, байланыш калтырасыз. Министрликтин адистери сиз менен байланышып, кабыл алуунун күнү жана убактысы тууралуу маалымат беришет.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандар менен ачык диалог жүргүзүүгө ар дайым даяр. Ар бир кайрылуу кылдат каралып, көтөрүлгөн маселелер боюнча мыйзамдардын алкагында тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, зарыл чечимдер кабыл алынат.
Жеке кабыл алуу офлайн жана онлайн (видеоконференция байланышы аркылуу) форматтарында жүргүзүлөт.
Жазылуу үчүн телефон: 1966 (чалуу акысыз).

Пайдалуу
Ссылкалар