Эмгек министрлиги: Эмгек мыйзамдарын бузуу фактылары 38%га азайды

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июнь айларында эмгек мыйзамдарын бузуу боюнча 723 факт аныкталды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 1 миң 172 мыйзам бузуу катталган.

Ошентип, мыйзам бузуу фактыларынын саны 449 учурга, же 38,3%га кыскарды.

Ошондой эле иш берүүчүлөргө берилген аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдүн саны 469дан 198ге чейин, башкача айтканда 57,8%га азайды.

Мындан тышкары жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны 596дан 527ге чейин, же 11,6%га кыскарды.

Пайдалуу
Ссылкалар