Эмгек министрлиги: жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7 миңден ашуун жаран жумуш менен камсыз болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 551 жаран кайрылганын маалымдайт.

Алардын ичинен 52 807 жаранга эмгек мыйзамдары жана иш менен камсыз кылуу маселелери, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кесип тандоо боюнча консультациялар берилди.

Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын негизги багыттарынын бири — жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү. Отчеттук мезгил ичинде иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7 106 жумушсуз жаран ишке орноштурулду, анын ичинде 4 087 аял жана 3 744 жаш жаран бар.

Мындан тышкары, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү эмгек рыногунда активдүү чараларды ишке ашыруу аркылуу жүргүзүлөт.

Учурда кесипке багыт берүү борборлору Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош жана Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда иш алып барууда.

Кесипке багыт берүү борборлору жана министрликтин аймактык бөлүмдөрү окуучуларга жана жумушсуз жарандарга консультациялык кызматтарды көрсөтүп, алардын кызыкчылыктарын жана эмгек рыногундагы адистерге болгон суроо-талапты эске алуу менен кесип тандоосуна көмөктөшөт.

2026-жылдын 1-июлуна карата 39 663 жаранга кесипке багыт берүү боюнча консультация берилди, анын ичинен 17 303ү жумушсуз жарандар, 22 360ы окуучулар жана жаштар.

Жумушсуз жарандарды кесиптик окутуу — иш менен камсыз кылуу жаатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Кесиптик окутуу жарандардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүн эске алуу менен суроо-талапка ээ кесипке ээ болууга мүмкүнчүлүк берет.

2026-жылдын 1-июлуна карата 3 451 жумушсуз жаран кесиптик окутууга жөнөтүлдү.

Окутуу негизинен эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча жүргүзүлүүдө. Алардын арасында: компьютер оператору, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюр боюнча мастер, массажист, визажист, котормочу, бухгалтер, айдоочу, электргаз ширетүүчү, слесарь-сантехник, тигүүчү, бычмачы жана башка кесиптер бар.

Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматтары жарандарды убактылуу ишке орноштурууга көмөктөшөт. 2026-жылдын 1-июлуна карата 9 669 жумушсуз жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге жөнөтүлдү.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу акы төлөнүүчү коомдук иштерге жөнөтүлгөн жарандардын саны 69 пайызга өстү.

Пайдалуу
Ссылкалар