2026-жылдын 17-августунда Улуу Британияда 2027-жылга сезондук жумуштарга онлайн каттоо башталат — Эмгек министрлиги
Эмгек министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору HOPS Labour Solutions Ltd оператору менен кызматташтыктын алкагында 2027-жылга Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына жарандарды онлайн каттоо баштала тургандыгын маалымдайт.
Онлайн каттоо 2026-жылдын 17-августунда саат 12:00дө башталып, 20-августта саат 23:59да Бишкек убактысы боюнча аяктайт.
Каттоонун башталышы тууралуу маалымат жана каттоодон өтүү үчүн шилтеме каттоо күнү борбордун расмий баракчаларында жарыяланат:
- Instagram — @info.migrant.kg (Stories бөлүмүндө);
- Facebook — info.migrant.kg.
Каттоодон өтүү үчүн эмне керек?
Онлайн каттоодон өтүү үчүн алдын ала төмөнкүлөрдү даярдоо зарыл:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу чет өлкөлүк паспорту;
- Gmail электрондук почтасы. Электрондук почтанын дарегинде талапкердин аты-жөнү чет өлкөлүк паспортунда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык жазылышы керек.
Маанилүү! Онлайн каттоо талапкердин программага кызыкдар экендигин гана тастыктайт жана кийинки тандоо этаптарына катышууга кепилдик бербейт.
Онлайн каттоонун жыйынтыгы боюнча HOPS Labour Solutions Ltd оператору талапкерлерди алдын ала тандоодон өткөрөт. Экинчи этап — онлайн-тестирлөөдөн өтүү үчүн шилтеме тандоодон өткөн талапкерлерге гана жөнөтүлөт.
Талапкерлерге каттоодо көрсөтүлгөн электрондук почтасын, анын ичинде «Спам» папкасын үзгүлтүксүз текшерип туруу сунушталат. Анткени мындан аркы маалыматтар электрондук почта аркылуу гана жөнөтүлөт.
Талапкерлерге коюлуучу талаптар
- жашы — 18 жаштан жогору;
- орус тилин жакшы билүү;
- физикалык жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу.
Жумуш шарттары
- эмгек акы — саатына 12,71 фунт стерлинг;
- кепилденген минималдуу жумуш убактысы — жумасына 32 саат;
- визанын баасы — 340 фунт стерлинг (2027-жылдын апрель айынан тартып жогорулашы мүмкүн);
- авиабилеттин баасы валюта курсунан жана билеттин сатып алынган убактысынан көз каранды.
Эскертүү: Онлайн каттоо 4 күндүн ичинде — 17-августтан 20-августка чейин жүргүзүлөт.














