Кыргызстанда бир катар жеке ишке орноштуруу агенттиктерине жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча уруксаттар берилди

 

2026-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунда Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүүгө уруксат берүү, уруксат берүүдөн баш тартуу, уруксаттын мөөнөтүн узартуу, мөөнөтүн узартуудан баш тартуу, ошондой эле уруксаттарды жокко чыгаруу маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөк көрсөткөн жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүн карады.

Кароонун жыйынтыгында 9 жеке ишке орноштуруу агенттигине карата тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Төмөнкү компанияларга бир жылдык мөөнөткө уруксаттар берилди же узартылды:

  • «НаРзиЗ Тур» ЖЧКсы — Германия Федеративдүү Республикасы;
  • «Шарт Кей Джи» ЖЧКсы — Германия Федеративдүү Республикасы;
  • «Марсель-Е Компани» ЖЧКсы — Түркия Республикасы;
  • «Гринвей Груп» ЖЧКсы — Германия Федеративдүү Республикасы;
  • «АПГРЕЙД СТАФФ» ЖЧКсы — Россия Федерациясы;
  • «Ворлд трэвел энд ворк» ЖЧКсы — Беларусь Республикасы.

«Албан Лидер» ЖЧКсынын (Латвия Республикасы) уруксаты бир жылдык мөөнөткө шарт менен узартылды.

«СУЛТАН ТРАВЕЛ» ЖЧКсына (Польша Республикасы) карата маселени кароо компаниянын өкүлү жыйынга келбегендигине байланыштуу кийинкиге жылдырылды.

«Глобус Кей Джи Плюс» ЖЧКсы боюнча (багыты — Россия Федерациясы) уруксатты жокко чыгаруу маселесин кароо кийинкиге жылдырылды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө ишке орношууну пландап жаткан жарандарга расмий каттоодон өткөн жана тиешелүү уруксаты бар жеке ишке орноштуруу агенттиктерине гана кайрылууну, ошондой эле сунушталган жумуштун шарттарын кылдат текшерүүнү эскертет.

 

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар