Министр Канат Сагынбаев жарандарды кезектеги жеке кабыл алды
Бүгүн 14-авгутстта, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Сагынбаев министрликтин коомдук кабылдамасында жарандарды кезектеги жеке кабыл алды.
Жеке кабыл алууда жарандар жумушка орношуу, майыптыгы бар адамдарды майыптар арабасы жана балдак менен камсыз кылуу, майыптыгына байланыштуу жумуштан бошотуу, ошондой эле майыптыкка жана жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнө байланышкан маселелер боюнча кайрылышты.
Жарандардын кайрылууларын карап чыгып, министр тарабынан тиешелүү жооптуу кызматкерлерге маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

2026-08-14














