Кыргызстанда биринчи жолу кохлеардык импланты бар балдар үчүн сүйлөө процессорлоруна 30 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда биринчи жолу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Австралиядагы Cochlear компаниясынан түздөн-түз 35 сүйлөө процессору сатып алынды. Жабдуулардын жалпы наркы 30 млн сомду түздү.

Сүйлөө процессорлорун тапшыруу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде өттү. 18-августта жабдууларды алгачкы 11 бейтап алышты. Адистер ар бир адамдын өзгөчөлүгүн эске алуу менен процессорлорду кесипкөй орнотуп, жекече жөндөөлөрдү жүргүзүштү.

Калган алуучуларга сүйлөө процессорлору 19 жана 20-август күндөрү тапшырылат.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы, тиешелүү адистер, ата-энелер жана угуусу начар балдар катышты.

Сүйлөө процессору — кохлеардык имплантация системасынын тышкы бөлүгү. Ал айлана-чөйрөдөгү үндөрдү кабыл алып, иштеп чыгып, сигналдарды импланттын ички бөлүгүнө өткөрүп берет. Мунун аркасында угуусу олуттуу начарлаган адамдар үн маалыматтарын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, баарлашуу, билим алуу жана коомго аралашуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатәк кызы бул жабдууларды сатып алууну маанилүү жетишкендик деп атап, эгемендүүлүктүн 35 жылында биринчи жолу мамлекет тарабынан кымбат баалуу сүйлөө процессорлорун сатып алууга бюджеттик каражат бөлүнгөнүн белгиледи.

«Бул өлкөбүз үчүн чындыгында чоң жетишкендик. Анткени эгемендүүлүктүн 35 жылында биринчи жолу мамлекет демилге көтөрүп, республикалык бюджеттен мындай кымбат баалуу аппараттарды сатып алууга каражат бөлдү. Бүгүн биз бул багытта дагы бир маанилүү кадам жасап жатабыз — угуусу начар балдарга заманбап сүйлөө процессорлорун акысыз тапшырып жатабыз. Бир процессордун баасы болжол менен 800 миң сомду түзөт. Мындай жабдууларды үй-бүлөлөрдүн өз алдынча сатып алышы чоң финансылык оорчулук жаратат», — деди ал.

Кыргызстанда угуусу начар балдарды жана чоңдорду мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап сүйлөө процессорлору менен камсыз кылуу биринчи жолу ишке ашырылууда.

Эмгек министрлигинде жарандарды техникалык реабилитациялоо системасын өнүктүрүү жана заманбап реабилитациялык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгилешти.

Пайдалуу
Ссылкалар