Эмгек министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга майыптык белгиленгенден кийинки реабилитациялоо механизмдерин талкуулашты

2026-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Сагынбаев менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Д. Осмоновдун жолугушуусу болуп, анда тараптар майыптыгы бар адамдарга реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу жана анын механизмдерин өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Негизги көңүл жарандарга майыптык белгиленгенден кийинки кийинки этаптарда зарыл болгон медициналык жардамды жана реабилитациялык иш-чараларды камсыз кылуу маселелерине бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар медициналык реабилитациялоонун колдонуудагы механизмдерин өркүндөтүү, реабилитациялоо/абилитациялоонун жеке пландарын ишке ашыруу, ошондой эле жарандардын ден соолугун калыбына келтирүү жана социалдык адаптацияланышы үчүн кыйла натыйжалуу шарттарды түзүү максатында мындан ары да өз ара аракеттенүүнү жана күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пайдалуу
Ссылкалар