Бишкекте Эмгек министрлигинин жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйыны өтүүдө
Бүгүн, 21-августта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарууга арналган коллегиянын отуруму өтүүдө.
Отурумдун ишине Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Г. Баатырова, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Администрациясынын өкүлү Ж. Рысбекова, отурумдун мүчөлөрү, ошондой эле министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышууда.
Коллегиянын күн тартибинде сегиз негизги маселе каралууда. Алардын арасында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктары, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, балдарды социалдык жактан колдоону өнүктүрүү, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу, миграциялык саясат жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, аймактык бөлүмдөрдүн жана социалдык мекемелердин иши, жарандардын кайрылуулары менен иштөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери бар.
Жыйындын жыйынтыгы менен министрликтин алдыдагы мезгилдеги негизги милдеттери жана ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталат.
















