Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 7%га кыскарды

 

2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматтарында 60,5 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га аз.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов билдирди.

Расмий жумушсуз статусуна 37,8 миң адам ээ болгон. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га төмөн көрсөткүч.

Салыштыруу үчүн, өткөн жылы иш менен камсыз кылуу кызматтарында 65,4 миң жумушсуз жаран каттоодо турган, алардын 45,5 миңи расмий жумушсуз статусуна ээ болгон.

Өлкөдө расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 1,3 пайызын түзөт.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7,1 миң адам жумушка орношкон. Дагы 13,1 миң жаран иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чаралары менен камтылган.

Пайдалуу
Ссылкалар