Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын жана Социалдык коргоо департаментинин кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы лекция-семинар өткөрүлдү
2026-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу медициналык-социалдык эксперттик комиссияларынын (МСЭК) жана Социалдык коргоо департаментинин кызматкерлеринин катышуусунда Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте коррупциянын алдын алуу боюнча лекция-семинар өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, коррупциялык укук бузууларга жол бербөө, кызматкерлердин коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоосун камсыз кылуу жана алардын жеке жоопкерчилигин жогорулатуу болду.
Лекция-семинардын жүрүшүндө катышуучуларга коррупцияга каршы мыйзамдардын негизги талаптары, кызматтык жүрүм-турум жана кызматтык этиканын ченемдери, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана азайтуу, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Өзгөчө жарандар менен түздөн-түз иштеген кызматкерлердин жоопкерчилигине көңүл бурулду.
Мындан тышкары, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишинде коррупциянын алдын алуу максатында бардык аймактык комиссияларга видеобайкоо тутумдары орнотулгандыгы белгиленип, техникалык көзөмөл чаралары коррупциянын алдын алуунун бир гана инструменти экени, ал эми негизги талап ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилиги жана мыйзам талаптарын так сактоосу болуп саналары айтылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга коррупциялык тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана алдын алуу, кызматтык этиканы сактоо, жарандар менен иштөөдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коррупциялык укук бузууларга жол бербөө боюнча практикалык сунуштар берилди.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коррупциянын алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди министрликтин бардык ведомстволук жана аймактык түзүмдөрүндө системалуу түрдө улантат.














