Эмгек министрлиги Орусияда жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жөнөттү
2026-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясында жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Чолпон-Ата шаарындагы «Меридиан» ден соолукту чыңдоо лагерине жайкы эс алууга жөнөттү.
Балдарды эс алууга узатууга арналган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында миграция маселелери жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улан Ногойбаев жана «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун директору Гульнара Дербишева катышты. Алар балдарга чың ден соолук, кызыктуу жана мазмундуу эс алуу, жаңы досторду жана жагымдуу таасирлерди каалап, Кыргызстан ар дайым алардын туулган жери жана мекени болуп кала берерин белгилешти.
Бул демилге өсүп келе жаткан муундун Кыргызстан менен байланышын чыңдоого, улуттук өзгөчөлүгүн сактоого, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын балдарын өз Мекенинин маданияты, каада-салты жана тарыхы менен тааныштыруу максатын көздөйт.
Программанын негизги иш-чараларынын бири VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү маданий жана этнографиялык иш-чараларга баруу болот. Бул балдарга кыргыз элинин маданий мурасы, улуттук каада-салты жана Кыргызстандын тарыхы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Эс алуу учурунда балдар үчүн спорттук, маданий жана таанып-билүү иш-чаралары уюштурулуп, өлкөнүн тарыхы жана каада-салты менен таанышып, теңтуштары менен баарлашуусуна шарт түзүлөт.














