Социалдык өнүгүүгө жана жарандарды колдоого кошкон салым үчүн

Социалдык долбоорлорду ишке ашырууга, калкты социалдык жактан колдоого багытталган мамлекеттик программаларды өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга кошкон олуттуу салымы, ошондой эле активдүү жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн «АБанк» ААКнын, «Элдик Банк» ААКнын жана «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын жамааттарына Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Министрлик социалдык демилгелерди колдоп, калкты социалдык жактан коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.

         

Пайдалуу
Ссылкалар