Некролог Сатындиева Рая Жапаровна
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Сатындиева Рая Жапаровнанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Рая Жапаровна 1958-жылы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында туулган. 1975–1980-жылдары Фрунзе шаарындагы В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда билим алып, эмгек жолун мугалимдик кесиптен баштаган. 1980–1982-жылдары Ат-Башы районундагы Киров атындагы орто мектепте химия жана биология мугалими болуп эмгектенген.
Андан соң №32 кесиптик-техникалык окуу жайында комсомол комитетинин катчысы, Куйбышев атындагы колхоздун партиялык комитетинин катчысы, Ат-Башы райком партиясында жооптуу кызматкер болуп иштеген. 1987–1989-жылдары Ташкент шаарындагы Жогорку партиялык мектептен билим алып, партиялык жана советтик кызматкер адистигине ээ болгон.
1991-жылдан тартып Ат-Башы райондук калкты иш менен камсыз кылуу борборунун директору, 2006-жылы Ат-Башы райондук миграция жана жумуштуулук боюнча комитетинин төрайымы, 2010–2016-жылдары Эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн начальниги, 2016–2024-жылдары Ат-Башы райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы болуп, үзүрлүү эмгектенген.
Рая Жапаровна коомдук иштерге да активдүү катышып, 1996, 2000 жана 2005-жылдары Ат-Башы райондук Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Элдин ишенимин актап, көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана калкты иш менен камсыз кылуу тармагына зор салым кошкон.
Анын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Грамотасы, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүндөгү «Эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы менен сыйланган.
Рая Жапаровна мээримдүү эне, камкор бир тууган, ак көңүл, адамгерчиликтүү жана эл үчүн күйгөн инсан катары жакындарынын, кесиптештеринин жана аны тааныган жалпы журттун жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Анын жаркын элеси, ак ниети, адамгерчилиги жана элге кылган ак кызматы эч качан унутулбайт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.













