Кыргызстандын протезчилери Франция, Россия жана Кореянын кесиптештери менен практикалык тажрыйба алмашууда

 

7–8-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында протездөө жана ортопедия тармагындагы заманбап технологияларга арналган эл аралык илимий-практикалык конференция биринчи жолу өткөрүлүүдө.

Иш-чарага Франциядан, Россиядан жана Корея Республикасынан келген адистер жана өнөктөштөр катышууда. Катышуучулар практикалык тажрыйба алмашып, протездик-ортопедиялык буюмдарды өндүрүүдө санариптик технологияларды, 3D-моделдештирүүнү жана 3D-басып чыгарууну талкуулашууда.

РУПОИнин адистери өздөрүнүн иштеп чыгуулары жана практикалык чечимдери менен тааныштырышууда. Кыргызстан өзүнүн практикалык иштеп чыгууларын жана алдыңкы ыкмаларын көрсөтүп, эл аралык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Конференция тажрыйба жана билим алмашуу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстанда протездик-ортопедиялык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган заманбап технологияларды киргизүү үчүн маанилүү аянтча болот.

Пайдалуу
Ссылкалар