«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2026 – жылдын 8 айындагы иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2026 – жылдын 8 айында 49511 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 203, бир айда 6188 чалуу) түшкөн.
5737 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (1221 же 21,3% жаш балдар, ал эми 4516 же 78,7% чоң кишилер), анын ичинен 4958 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, 561 абонентке психологиялык консультация берилген, 218 кайрылуу райондук, шаардык эмгек башкармалыктарына, ӨКМнин 112 кызматына жана райондук, шаардык ички иштер башкармалыктарына кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
5737 чалуунун ичинен эркектерден – 739 (13,0%), аялдардан – 3777 (65,8%), эркек балдардан – 370 (6,4%), кыздардан – 851 (14,8%).
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 3028 (балдар 25);
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилелери жөнүндө – 629 (балдар 495);
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 482 (балдар 52);
– психологиялык жабырлануу менен – 402 (балдар 249);
– үй – бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 260 (балдар 16);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 210 (балдар 128);
– билим берүү системасы жөнүндө – 156 (балдар 69);
– башка суроолор менен болгон чалуулар– 127 (балдар 70);
– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 111 (балдар 9);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 83 (балдар 20);
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине арыздануу менен – 75 (балдар 9);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 69 (балдар 24);
– суицид жөнүндө – 46 (балдар 30);
– социалдык тармактар аркылуу коркутуулар жана опузалоо жөнүндө – 30 (балдар 21);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 29 (балдар 4).
43774 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана мекемелер менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй-бүлөлөргө жана жарандарга берилген жардам жана консультациялардын жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 1269 (22,1%);
– Жалал-Абад облусунан – 558 (9,7%);
– Чүй облусунан – 544 (9,5%);
– Ош облусунан – 465 (8,1%);
– Ош шаарынан – 316 (5,5%);
– Ысык- Көл облусунан – 209 (3,6%);
– Баткен облусунан – 197 (3,4%);
– Нарын облусунан – 101 (1,8%)
– Талас облусунан – 93 (1,6%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 1985 (34,6%).
2026 – жылдын 8 айында түшкөн (5737 чалуу) чалуулардын саны 2025 – жылдын 8 айына (1800 чалуу) салыштырмалуу 3 эсе көбөйгөн.













