Кыргызстанда жеке ассистенттерге бир үй-бүлөдөгү ар бир кызмат алуучу үчүн акы төлөнөт

Кыргызстанда бир үй-бүлөдөгү бир нече майыптыгы бар адамдарды бир убакта караган жеке ассистенттердин кызмат акысын төлөө тартиби өзгөртүлдү.

2026-жылдын 1-сентябрынан тартып бир үй-бүлөдөгү майыптыгы бар эки же андан көп адамга бир убакта кам көргөн жеке ассистенттерге ар бир кызмат алуучу үчүн толук өлчөмдө акы төлөнөт.

Майыптыгы бар балага жана (же) туруктуу сырттан жардамга жана көзөмөлгө муктаж болгон бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамга (18 жаштан жогору) кам көргөн ата-энелерге, мыйзамдуу өкүлдөргө, жакын туугандарга жана башка адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн тартибин жөнгө салуу, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан кам көрүү кызматынын сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы №521 токтому менен «Майыптыгы бар балага жана (же) туруктуу сырттан жардамга жана көзөмөлгө муктаж болгон бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамга (18 жаштан жогору) жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» жобо бекитилди.

Документке ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып бир жеке ассистент бир үй-бүлөдөн болгон эки же андан көп кызмат алуучуга бир убакта кам көргөн учурда, ар бир кызмат алуучу үчүн толук өлчөмдө акы төлөнөт.

Бул туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, ошондой эле 18 жаштан жогору, бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга тиешелүү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына жаңы тартипке ылайык төлөмдөрдү камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле аймактык башкармалыктар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү камсыз кылат. Тактап айтканда, жеке ассистенттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө каражаттар аймактык салык кызматынын бөлүмдөрүнүн эсептик эсебине которулат. Буга чейин жеке ассистенттер камсыздандыруу полисин өздөрү сатып алып, анын наркы айдын аягында кызмат акысы менен бирге компенсацияланып келген.

Бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо башкармалыгы жеке ассистенттердин кызмат акысын төлөөгө керектүү каражаттарды ай сайын аймактык бөлүмдөргө бөлүп берет.

Мындан тышкары, кызмат алуучуга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан толтурулуучу аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортун берүү талабы алып салынды. Себеби жеке ассистенттин кызматы майыптыгы бар баланын же адамдын үй-бүлөсүнүн кирешесин эске албастан дайындалат.

Учурда жеке ассистенттин кызмат акысы 8 697,32 сомду түзөт. Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан 2025-жыл үчүн аныкталган Кыргыз Республикасындагы калктын жан башына эсептелген орточо жашоо минимумунун өлчөмүнө барабар.

Пайдалуу
Ссылкалар