Министрликтин кызматкерлери “Кыргызтест” боюнча семинарга катышты
2027-жылдан тартып мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлине жаңы талаптар киргизилет. Ага ылайык, кызматтык жана функционалдык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик тилди “Кыргызтест” системасы боюнча В2 — ортодон жогору деңгээлде билүү талап кылынат.
Бул талап Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 токтомуна ылайык белгиленген.
Ушуга байланыштуу 8-сентябрда Министрликтин Адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмү “Кыргызтест” системасы боюнча маалыматтык семинар уюштурду.
Семинарды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун кызматкерлери өткөрүштү.
Катышуучулар “Кыргызтесттин” талаптары, тестирлөө кандай өтөрү жана ага кантип даярданса болору тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле кызматкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден жооп алышты.














