Алмаз Имангазиев Эмгек министрлигинде биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү

 

Бишкек, 2026-жылдын 9-сентябры. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү.

Министр бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин 90 пайызга жакыны социалдык кепилдиктерге, жөлөкпулдарга, компенсацияларга, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланыштуу болгонун белгиледи.

«Биз бул багыттар боюнча ишти мындан ары дагы тереңдетип, орун алган көйгөйлөрдү талдап, социалдык коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандардын муктаждыктарына жооп берүү үчүн конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуубуз керек», — деп белгиледи Алмаз Имангазиев.

Министр артыкчылыктуу багыттардын катарында ченемдик-укуктук базаны, социалдык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын системасын өркүндөтүүнү, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну, ошондой эле майыптуулугу бар адамдардын укуктарын коргоону белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекеттик колдоону алуу жол-жоболорун санариптештирүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу керек.

«Жаран жөлөкпул же социалдык кызмат алуу үчүн кайрылганда ашыкча административдик тоскоолдуктарга туш болбошу абдан маанилүү. Биз бул процесстерди мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүп, кызматтарды санариптештирип, ачык-айкын кылышыбыз керек», — деп баса белгиледи Алмаз Имангазиев.

Ошондой эле чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине белгиленген багыттар боюнча ишти жакшыртууга багытталган конкреттүү сунуштарды даярдоо тапшырылды.

 

Пайдалуу
Ссылкалар