Социалдык коргоо департаментинин директору Дина Анарбаева «Ардак» медалы менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору Дина Турманбековна Анарбаева «Ардак» медалы менен сыйланды.

Мамлекеттик сыйлык Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги жетишкендиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү белгиленгендигине байланыштуу ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дина Турманбековнаны Анарбаеваны жогорку мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктап, ага бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайт!

Пайдалуу
Ссылкалар