«Бала ырысы»: Министрлик бардык алуучуларга каражаттарды которду, айрым эсептер боюнча тактоо жүргүзүлүүдө

Бишкек шаары, 2026-жылдын 12-сентябры

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Бала ырысы» мамлекеттик программасынын алкагында төлөмдөрдү жүргүзүүнү улантууда.

Буга чейин маалымдалгандай, 2026-жылдын 10-сентябрына карата министрлик тарабынан 232 229 алуучуга жалпы 285 588 480 сом которулган. Министрлик тарабынан каражаттар бекитилген тизмелерге ылайык толук көлөмдө которулууда.

Каражаттар банктарга түшкөндөн кийин, алар алуучулардын эсептерине чегерилет. Учурда айрым учурларда каражаттар алуучунун эсебинде чагылдырылбай калышы мүмкүн болгон себептерди аныктоо боюнча жекече тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда, учурда кошумча текшерүүнү талап кылган төмөнкү учурлар аныкталды:

* А-Банк — 334 эсеп;
* Элдик Банк — 900 эсеп.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул учурлар министрлик тарабынан каражаттар которулбай калганын билдирбейт. Учурда ар бир конкреттүү учур боюнча себептерди аныктоо максатында банктар менен биргеликте маалыматтарды жекече салыштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Себептер ар кандай жагдайларга байланыштуу болушу мүмкүн. Анын ичинде банк картасынын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы, жеке маалыматтарды жаңыртуу зарылдыгы, банк эсебинин абалына байланыштуу өзгөчөлүктөр, ошондой эле эсептен автоматтык түрдө каражаттардын эсептен чыгарылышы же башка операциялардын жүргүзүлүшү мүмкүн. Айрым учурларда алуучу каражаттын түшкөнүн же андан кийинки эсеп боюнча акча каражаттарынын кыймылын дароо байкабай калышы мүмкүн.

Министрлик алуучулардын банк эсептеринин абалын, банктык жана жеке маалыматтарынын актуалдуулугун, анын ичинде картанын колдонуу мөөнөтүн өз алдынча көзөмөлдөп турушу зарылдыгына көңүл бурат. Бул каражаттарды алууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон техникалык же банктык себептерди өз убагында аныктоого жана жоюуга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда министрлик банктар менен өз ара иштешүүнү улантып, төлөм алууга укугу бар ар бир алуучу белгиленген тартипте өзүнө тиешелүү каражаттарды алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.

Калган учурлар боюнча жекече салыштыруу иштери аяктаган сайын маалыматтар такталып, кошумча маалымдалат.

Пайдалуу
Ссылкалар