Министрликтин мекемелеринин кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүү боюнча семинарга катышты
2026-жылдын 9-сентябрында, Республикалык протездик-ортопедиялык мекеменин жана Реабилитациялоо борборунун кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча семинар өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны жана Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы маалыматтык саясатты жүргүзүү боюнча 2026–2027-жылдарга карата мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында уюштурулду. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга коррупцияга каршы мыйзамдардын негизги талаптары, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мындан тышкары, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук жана ак ниеттүүлүк принциптерин сактоого өзгөчө көңүл бурулду.













