Эмгек министри Алмаз Имангазиев Антье Гравеге Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ведомстволук медаль тапшырды

 

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Кыргызстандагы БУУнун туруктуу координатору Антье Граве менен анын төрт жылдык иштөө мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жолугушту.

Жолугушуу 16-сентябрда Бишкекте өттү.

Тараптар Эмгек министрлигинин Бириккен Улуттар Уюмунун системасы менен өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарын, ошондой эле калкты социалдык коргоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, эмгек миграциясы жана татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу жаатында биргелешкен иштин натыйжаларын талкуулашты.

Алмаз Имангазиев Антье Гравеге Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле социалдык коргоону бекемдөөгө жана жарандардын бакубаттулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Антье Граве өз кезегинде министрлик менен БУУнун Кыргызстандагы системасынын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, социалдык коргоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция маселелери боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар түзүлгөн өнөктөштүк жана жетишилген натыйжалар Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдиришти. Жолугушуунун соңунда Алмаз Имангазиев Антье Гравеге жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, андан аркы кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, ведомстволук медалды тапшырды.

Пайдалуу
Ссылкалар