Коррупцияга бирге каршы : сурамжылоого катышыңыз

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзам үстөмдүгү институту Кыргыз Республикасынын калкынын коррупцияга каршы маалымдуулугунун деңгээлин аныктоо максатында анонимдүү онлайн-изилдөө жүргүзүүдө.

Изилдөөнүн максаты — жарандардын коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча чаралар, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүнүн жолдору жана мыйзамдарда каралган жоопкерчилик тууралуу маалымдуулугунун деңгээлин аныктоо, ошондой эле калктын коррупцияга болгон мамилесин изилдөө.

Изилдөөгө катышуу ыктыярдуу жана анонимдүү. Алынган жооптор жалпыланган түрдө гана аналитикалык материалдарды даярдоо жана мамлекеттик коррупцияга каршы маалыматтык саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн колдонулат.

📅 Сурамжылоого 2026-жылдын 30-сентябрына чейин катышууга болот.

🔗 Анкетаны төмөнкү шилтеме же QR-код аркылуу толтурууга болот:

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdOVyztGdPPnyzP0f8OrXoLm74Pq4m8Jz8NJ5w2mI_Nx5MdfA/viewform

Сиздин пикириңиз жарандардын маалымдуулугунун деңгээлин аныктоо жана коррупцияга каршы чараларды мындан ары өркүндөтүү үчүн маанилүү.

Сурамжылоого катышып, шилтемени башкалар менен бөлүшүңүз!

Пайдалуу
Ссылкалар