Министр Алмаз Имангазиев жарандарды алгачкы жолу кабыл алды

Бүгүн, 18-сентябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коомдук кабылдамасында министр Алмаз Имангазиев жарандарды жеке кабыл алды.

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар жөлөкпулдарды дайындоо жана алуу, майыптуулукту аныктоо, турак жай, жер жана мүлккө байланыштуу талаш-тартыштар, ошондой эле эмгек мамилелери боюнча маселелер менен кайрылышты.

Министр жарандардын кайрылууларын кунт коюп карап чыгып, ар бир маселе боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди. Кошумча иликтөөнү талап кылган кайрылуулар боюнча тиешелүү чараларды көрүү жана аларды белгиленген тартипте кароону камсыз кылуу тапшырылды.

Жарандарды кабыл алуу — жарандардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө, ошондой эле алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган министрликтин ишинин маанилүү бөлүгү.

Жарандарды кабыл алуу алдын ала жазылуу аркылуу жүргүзүлөт. Жазылуу үчүн 0312 61-01-07 жана 1966 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

 

Пайдалуу
Ссылкалар