Кыргызстанда миграциялык саясаттын Концепциясын ишке ашыруу маселелери талкууланды

22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын 2021–2030-жылдарга карата миграциялык саясатынын концепциясын ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Концепцияны ишке ашыруунун экинчи этабынын артыкчылыктары, эмгек миграциясын башкарууну өркүндөтүү, жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруунун жөнгө салынуучу каналдарын өнүктүрүү, ошондой эле эмгек мигранттарды коргоо жана колдоо механизмдерин күчөтүү маселелери каралды

Өзгөчө көңүл ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө, Концепциянын Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жыйынтыктарына жана кайтып келген мигранттарды кайра интеграциялоону камтыган мындан аркы милдеттерге бурулду.

Талкууну улантуу иретинде жөнгө салынуучу эмгек миграциясы боюнча жол картасынын долбоору сунушталып, анда Концепциянын артыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган практикалык чаралар каралган. Кыргызстандан жаңы жөнгө салынуучу эмгек коридорлорун өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү багыттар талкууланды.

Пайдалуу
Ссылкалар