Эмгек министри Алмаз Имангазиев министрликке караштуу бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев министрликке караштуу бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.
Министрдин көңүл борборунда мекемелердин учурдагы ишмердүүлүгү гана эмес, жалпы системанын натыйжалуулугу, атап айтканда, жарандардын мамлекеттик кызматтарга болгон реалдуу муктаждыктарын канчалык тез жана сапаттуу канааттандыруу маселеси болду.
Иш сапардын алкагында жарандарды социалдык жактан коргоо жана эмгек укуктарын камсыз кылуу менен түздөн-түз байланышкан бир катар багыттар камтылды. Алардын катарында балдар үчүн «111» ишеним телефону, Социалдык коргоо департаменти, эмгек мыйзамдарынын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы, Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору жана Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы бар.
«Мен үчүн системанын ишинин жеринде кандай жүрүп жатканы маанилүү. Бул ишти отчеттор жана статистика аркылуу гана баалоо жетишсиз. Бул бөлүмдөрдүн ар бири күн сайын адамдардын конкреттүү турмуштук көйгөйлөрү менен иштейт. Ошондуктан биздин милдет — иштин натыйжалуулугун баалоо, көйгөйлөрдү аныктоо, зарыл болгон учурда аларды чечүү жолдорун табуу жана маселелерди артыкчылыктарына жараша иреттөө», — деп белгиледи министр.
Жер-жерлердеги иш сапарлардын жыйынтыгында министр ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө мындан ары да талдоо жүргүзүү жана ички процесстерди оптималдаштыруу зарылдыгын белгиледи.
«Оптималдаштыруудан коркпош керек. Мамлекеттик система түшүнүктүү, натыйжалуу жана биринчи кезекте адамга багытталган болушу керек. Биз үчүн учурдагы процесстерди жөн гана сактап калуу эмес, алардын натыйжалуулугун дайыма баалап туруу жана жарандарга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына тоскоол болгон нерселердин баарын жоюу маанилүү», — деди Алмаз Имангазиев.
Министрликке караштуу бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн баалоо боюнча иштер улантылат.





















