Мамлекеттик социалдык заказдын долбоорлорун ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Мыйзамын ишке ашырууда. Аталган мыйзам коммерциялык эмес сектордун потенциалын актуалдуу социалдык маселелерди чечүүгө жана калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө тартууга багытталган.

Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында мамлекеттик органдар чечүүнү талап кылган социалдык максаттарды жана милдеттерди аныктап, коммерциялык эмес уюмдардын (мындан ары – КЭУ) арасында коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурс жарыялайт. КЭУлар белгиленген максаттарга жетишүүнүн механизмдерин, ыкмаларын жана жолдорун камтыган долбоордук сунуштарын беришет.

Ошол эле учурда конкурстун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик каржылоону алуу КЭУлар үчүн коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн гана эмес, ошондой эле кабыл алынган милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруу, каражаттарды максаттуу пайдалануу, долбоордо каралган социалдык кызматтардын сапатын камсыз кылуу жана аларды иш жүзүндө көрсөтүү боюнча жоопкерчиликти да билдирет.

Акыркы жылдары мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун саны көбөйүүдө. Ошону менен бирге долбоорлордун санынын өсүшү жана мамлекеттик социалдык заказдын масштабынын кеңейиши ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлорго системалуу жана сапаттуу мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону камсыз кылуу үчүн учурдагы административдик ресурстарды күчөтүүнү талап кылууда.

Министрлик үстүбүздөгү жылы да мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго мониторинг жүргүзүүдө. Мындан аркы иш долбоорлорду тандоо механизмдерин өркүндөтүүгө, социалдык кызмат көрсөтүүчүлөргө коюлуучу талаптарды жогорулатууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзүүнү жана аларды алуучулардын кайтарым байланышын күчөтүүгө багытталат.

Учурда компетенттүү органдар тарабынан айрым долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу жагдайлар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик өз компетенциясынын чегинде тергөө органдарына зарыл болгон көмөктү көрсөтүп, колдо болгон документтерди жана маалыматтарды берет, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

Пайдалуу
Ссылкалар