Министр Алмаз Имангазиев Республикалык МСЭКке барып, жарандар менен жолукту
Бүгүн, 24-сентябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Республикалык медико-социалдык эксперттик комиссияга (Республикалык МСЭК) барып, мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышты жана медико-социалдык экспертиза маселелери боюнча кайрылган жарандар менен жолукту.
Иш сапардын жүрүшүндө министр жарандар менен түздөн-түз баарлашып, алардын кайрылууларын, суроолорун жана сунуштарын укту. Өзгөчө көңүл медико-социалдык экспертизадан өтүүгө, кайрылууларды кароо тартибине жана жарандар үчүн зарыл болгон кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө байланышкан маселелерге бурулду.
Алмаз Имангазиев МСЭК системасынын ишин мындан ары өркүндөтүүнүн жана жарандар үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Министрдин айтымында, мамлекеттик кызматтар калк үчүн, өзгөчө социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн, мүмкүн болушунча жеткиликтүү, түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек.
«Биздин милдет — кызматтарды алууну жарандар үчүн мүмкүн болушунча жөнөкөй жана жеткиликтүү кылуу. Адам ашыкча кыйынчылыктарга туш болуп, жол-жоболордон өтүүгө ашыкча убакыт коротпошу керек», — деп белгиледи министр.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр жооптуу түзүмдөргө жарандардын бардык кайрылууларын кылдат карап чыгууну, мыйзамдардын алкагында зарыл чараларды көрүүнү жана көтөрүлгөн маселелердин өз убагында чечилишин камсыз кылууну тапшырды.
Жарандардын кайрылууларын кароо жана Республикалык МСЭКтин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча иштер министрдин жеке көзөмөлүнө алынды.





















