Кыргызстанда улуу муундагы жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды

2026-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мадриддеги карылыктын көйгөйлөрү боюнча эл аралык иш-аракеттер планынын бешинчи кароосу боюнча отчетунун долбоорун талкуулоого арналган ведомстволор аралык конференция болуп өттү. Иш-чаранын катышуучулары улуу муундагы жарандарга карата саясатты ишке ашыруунун негизги жыйынтыктарын карап чыгып, мындан аркы биргелешкен иштин багыттарын аныкташты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Иситбек кызы отчетту даярдоо демографиялык өзгөрүүлөрдүн шартында мамлекеттик саясатка баа берүүнүн маанилүү куралы экенин белгиледи.

«Биз үчүн жетишилген натыйжаларды гана каттоо эмес, мындан ары чечүүнү талап кылган маселелерди объективдүү аныктоо да маанилүү. Бүгүнкү күндө активдүү узак жашоо саясатына комплекстүү мамиле жасоо зарыл. Ал саламаттык сактоо, социалдык коргоо, иш менен камсыз кылуу, жеткиликтүү чөйрөнү түзүү жана улуу муундагы жарандардын коомдун жашоосуна катышуусу сыяктуу маселелерди камтышы керек», – деп белгиледи ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 65 жаштан жогорку курактагы жарандар өлкөнүн калкынын болжол менен 6 пайызын түзөт. Калктын курактык түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу улуу муундагы жарандардын ден соолугун сактоо, өз алдынчалыгын жана коомдук активдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү өзгөчө мааниге ээ болууда.

Конференциянын жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 2030-жылга чейин Активдүү узак жашоо боюнча мамлекеттик программанын долбоору иштелип чыкканы да белгиленди. Документте гериатрия жана геронтология багыттарын өнүктүрүү, жашоо сапатын жакшыртуу, ошондой эле улуу муундагы жарандардын коомдук жана эмгектик активдүүлүгү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча чаралар каралган.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын сунуштары жана пикирлери отчеттун долбоорун андан ары иштеп чыгууда эске алынат.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 2002-жылдан бери Карылыктын көйгөйлөрү боюнча Мадриддеги эл аралык иш-аракеттер планын ишке ашырууга катышып келет. Бешинчи кароо жетишилген прогресске баа берүүнү, чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү аныктоону жана калктын карылыгы жаатындагы саясаттын мындан аркы артыкчылыктуу багыттарын белгилөөнү карайт.

     

Пайдалуу
Ссылкалар