Аида Исатбек кызы Чүй облусундагы балдар мекемелерине жеринде барып текшерүү жүргүзүлдү
2026-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын төрагалыгы алдында комиссия тарабынан Чүй облусундагы турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга кызмат көрсөтүүчү интернат тибиндеги эки мекемеге жеринде барып текшерүү жүргүзүлдү.
Иш сапардын алкагында комиссиянын мүчөлөрү Красноречка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектеби жана К. Тилебаев атындагы Панфилов жатак мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты:
Иш-чарага саламаттык сактоо, архитектура-курулуш, өрт коопсуздугу, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик органдардын, Акыйкатчы институтунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жерине чыгуу учурунда балдардын укуктарынын сакталышы жана камсыздалышы, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгү, ошондой эле мекемелерде түзүлгөн жашоо жана тарбиялануу шарттары каралды.
Мындан тышкары, мекемелердин материалдык-техникалык базасынын абалына, санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышына жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу шарттарына көңүл бурулду.
Аталган иш-чара балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле сапаттуу билим алуусу жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгү үчүн тийиштүү шарттардын түзүлүшүн баалоо максатында өткөрүлдү.





















