Айрым кыргызстандыктар медициналык-социалдык экспертизадан онлайн өтө алышат
Кыргызстанда анатомиялык кемтиктери бар жарандар үчүн медициналык-социалдык экспертизадан аралыктан өтүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти.
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) ишин реформалоонун алкагында тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилген.
Мындай жарандар медициналык-социалдык эксперттик комиссияга (МСЭК) жеке барып келүүгө муктаж болбостон, онлайн форматта күбөлөндүрүүдөн өтө алышат.
Эмгек министрлигинде белгилешкендей, системаны мындан ары санариптештирүү адам факторунун таасирин азайтууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган.




















