Кыргызстанда балдардын майыптыгын аныктоо тартиби өзгөрдү. Кандай жаңылыктар бар?

 

МСЭКтин ишин реформалоонун алкагында колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин Майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова маалымат жыйынында билдирди.

Жарандарды медициналык-социалдык экспертизадан аралыктан, башкача айтканда онлайн форматта өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Ошондой эле балдардын айрым категориялары үчүн майыптыкты белгилөө жана кайра күбөлөндүрүү тартиби өркүндөтүлдү.

Атап айтканда:

Даун синдрому бар балдарга алгачкы медициналык-социалдык экспертизанын жүрүшүндө кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү белгиленбестен, 18 жашка толгонго чейин майыптык категориясын белгилөө каралган.

Аутизм спектринин бузулушунун жеңил даражасы бар балдарга майыптык категориясын беш жылдык мөөнөткө белгилөө каралган.

Аутизм спектринин бузулушунун оор даражасы бар балдарга алгачкы медициналык-социалдык экспертизанын жүрүшүндө кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү белгиленбестен, 18 жашка толгонго чейин майыптык категориясын белгилөө каралган. 18 жашка толгондо тиешелүү майыптык тобу мөөнөтсүз белгиленет.

18 жашка чейинки, ВИЧ/СПИД боюнча клиникалык диагнозу бар жана инфекцияны ятрогендик жол менен жуктуруп алганы тастыкталган балдарга 18 жашка толгондо медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүлүп, кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү көрсөтүлбөстөн, «бала кезинен бери» деген негизде II топтогу майыптыкты белгилөө каралган.

Мындан тышкары, жазасын өтөп жаткан жерлерде соттолгон энелерден төрөлгөн, тубаса өнүгүү кемтиктери, тукум куума оорулары же башка патологиялары бар балдарды МСЭКте күбөлөндүрүүнүн тартиби да киргизилген.

Пайдалуу
Ссылкалар