Министрдин биринчи орун басары Бангладеш республикасынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Асад Алам Сиам мырза жетектеген Бангладеш Эл Республикасынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо жана эмгек миграциясы чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, тажрыйба алмашуу жана тиешелүү ведомстволордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо маселелерине бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

2026-10-14




















