2026-жылы 10 597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү, арыздарды кабыл алуу уланууда
2026-жылы «Социалдык контракт» программасынын алкагында 13 334 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалган. Бүгүнкү күнгө карата 10 597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү.
Учурда программага катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда. Жылдын аягына чейин дагы 2 737 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалууда.
Программага катышууну каалаган жарандар жашаган жери боюнча Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылышы керек.
Кандай учурларда социалдык контракттын алкагындагы бизнес-долбоор токтотулушу мүмкүн?
Мониторингдин жыйынтыгында 59 354 социалдык жардам алуучунун ичинен 321 үй-бүлө (0,5%) ар кандай себептерден улам социалдык контракттын алкагында каралган бизнес-долбоорун ишке ашыра албаганы аныкталган.
Мындай учурларга форс-мажордук жагдайлардын кесепетинен сатып алынган активдеринен ажыроо, ден соолугуна байланыштуу программанын катышуучусунун өз ыктыяры менен баш тартып, алынган каражаттарды кайтарып бериши, ошондой эле долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук жараткан башка жагдайлар кирет.
Мындай учурларда социалдык контрактты токтотуу маселеси комиссия тарабынан каралат. Мыйзамдарда каралган негиздер болгон учурда жана тиешелүү чечим кабыл алынганда, үй-бүлөнүн Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулду кайрадан алуу укугу калыбына келтирилет.
«Социалдык контракт» программасы аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдү колдоого, ишкердикти өнүктүрүүгө жана туруктуу киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.





















