Кыргыз Республикасы менен Хорватия Республикасы эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты
2026-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А.К. Алиасовдун Кыргыз Республикасындагы Хорватия Республикасынын Элчиси Рефик Шабанович менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Хорватияда ишке орноштуруу, эки өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарынын, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин жана иш берүүчүлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын жарандарын Хорватияда мыйзамдуу, уюшкан жана коопсуз ишке орноштуруу маселелери каралды.
Кыргыз тарап хорватиялык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү жолго коюуга, эмгек рыногунун муктаждыктары жөнүндө маалымат алмашууга жана жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишин жөнгө салуу механизмдерин изилдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эмгек миграциясы жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында мындан аркы диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.





















