Эмгек министрлиги менен БМУ социалдык чөйрөнүн адистеринин квалификациясын биргеликте жогорулатат

2026-жылдын 16-октябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиевдин катышуусунда «Кыргыз Республикасындагы социалдык иш: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечек» аттуу социалдык кызматкерлердин форуму өттү.

Форумдун программасындагы негизги окуялардын бири К. Карасаев атындагы БМУнун базасында социалдык кызматкерлердин жана социалдык чөйрөнүн адистеринин квалификациясын жогорулатуу борборун түзүү жөнүндө ниеттештик келишимине кол коюу болду. Бул демилге үзгүлтүксүз кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана практикалык тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, социалдык мекемелердин өкүлдөрү жана практикалык иш алып барган социалдык кызматкерлер катышты. Форумдун негизги темасы адистердин кесиптик дараметин жогорулатуу жана көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу болду.

Форумдун катышуучуларына кайрылган министр социалдык кызматкерлерди алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды колдоодогу алардын салымын белгиледи.

«Биздин милдетибиз — социалдык кызматтарды өнүктүрүү жана адам жашаган жерине карабастан, керектүү жардамды өз убагында алуусун камсыз кылуу», — деп баса белгиледи Алмаз Имангазиев.

Бүгүнкү күндө социалдык камсыздоо системасында 1 200дөн ашык социалдык кызматкер эмгектенет. 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, мамлекеттик коргоого муктаж балдарды коштоо үчүн социалдык кызматкерлердин 550 штаттык бирдиги киргизилген. Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү өз убагында аныктоого, социалдык жетимдиктин алдын алууга, зомбулуктун алдын алууга жана балдардын укуктарын коргоого багытталган.

Үй шартында социалдык тейлөө көрсөтүү маселесине да өзгөчө көңүл бурулду. 2026-жылы 800гө жакын социалдык кызматкер 7 миңден ашык жаранга жардам көрсөтүүдө. Алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 2 500дөн ашык адам жана жалгыз жашаган 4 миңден ашуун улгайган жаран бар.

Алмаз Имангазиев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылганын белгиледи.

Министр К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин социалдык чөйрө үчүн адистерди даярдоодогу маанилүү ролун белгилеп, билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик органдардын жана социалдык кызматтардын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын зарылдыгына токтолду.

Сөзүнүн соңунда министр социалдык кызматкерлерге күнүмдүк ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чараны уюштуруучуларга да ыраазычылык айтты.

    

Пайдалуу
Ссылкалар