Кыргызстанда 2030-жылга чейин демографиялык саясаттын артыкчылыктуу багыттары аныкталды
16-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Демографиялык саясат боюнча консультативдик кеңештин биринчи жыйыны Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары У.Э. Маматкановдун жетекчилиги алдында өттү. Кеңеш 2026-жылдын 1-октябрында Министрлер Кабинетинин тескемеси менен түзүлгөн.
Жыйында өлкөдөгү демографиялык кырдаал, негизги чакырыктар жана 2026–2030-жылдарды камтыган Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки демографиялык саясат концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Талкууга Улуттук статистика комитетинин, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри А.К. Имангазиев катышты.
Алдыдагы беш жылга каралган план үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жогорулатууга, калктын ден соолугун чыңдоого, энеликти, аталыкты жана балалыкты колдоого, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана туруктуу социалдык-демографиялык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган.
Өзгөчө көңүл калкты иш менен камсыз кылууга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, миграцияга жана аймактарды өнүктүрүүгө бурулат. Ноябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун колдоосу менен министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн демография маселелери боюнча алгачкы окутуу модулун өткөрүү пландалууда. Окутууга Россиянын Демография институтунун адистерин тартуу каралууда.
Конкреттүү чаралардын катарында төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпул механизмин киргизүү, аралыктан кесиптик окутууну өнүктүрүү жана ата-энелердин, айрыкча балалуу аялдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каралган.
Ошондой эле 2030-жылга чейин кеминде эки жаңы аймактык перинаталдык борбор ачуу жана ата-энеликке даярдоо боюнча кеминде 15 мектеп түзүү пландалууда. Мындан тышкары, кош бойлуу аялдардын жана жаңы төрөлгөн балдардын улуттук санариптик реестрлерин түзүү болжолдонууда.
Дагы бир милдет — жыл сайын ар бири 240 орунга ылайыкталган 115 бала бакча куруу жана мектепке чейинки билим берүү менен камтылган балдардын үлүшүн 80 пайызга жеткирүү.
Эмгек министри демографиялык саясат төрөлүүнүн жана жашоо узактыгынын көрсөткүчтөрү менен гана чектелбеши керектигин баса белгиледи.
«Демографиялык саясат концепциясын ишке ашыруунун башкы натыйжасы — мамлекеттик саясаттын борборунда адам турушу керек. Демографиялык саясаттын ийгилиги төрөлүүнүн жана жашоо узактыгынын көрсөткүчтөрү менен гана эмес, Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөнүн жашоосу канчалык ыңгайлуу, коопсуз жана келечектүү экендиги менен да аныкталат.
Демографиялык саясат — бул демографиялык процесстерди башкаруу гана эмес. Бул адамдар жашагысы келген, балдарын тарбиялагысы келген, келечегин кургусу келген жана кийинки муундардын тагдырын Кыргызстан менен байланыштыргысы келген өлкөнү түзүү», — деди министр.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга Концепциянын биринчи этабында каралган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу тапшырылды.




















