Эмгек министрлиги жана Эл аралык Мета-Илимий университет жетим балдарды жана жаштарды колдоо боюнча күч-аракеттерин бириктирүүдө
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов «Эл аралык Мета-Илимий университет» билим берүү мекемесинин ректору Нурлан Исмаилов баштаган делегация менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жана калктын аярлуу катмарына кирген жаштардын сапаттуу кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган социалдык жана билим берүү тармактарындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө университет социалдык багытта активдүү иш алып барып жатканы белгиленди. Учурда окуу жайда ата-энесинин камкордугусуз калган 13 бала акысыз билим алууда.
Тараптар бул тажрыйбага жогору баа берип, узак мөөнөттүү кызматташтыкты улантуу жана бекемдөө боюнча макулдашышты. Анын алкагында мындай балдарды жыл сайын окутууну улантуу, гранттык орундарды берүү үчүн талапкерлерди жекече тандоо, ошондой эле алардын кийинки билим алуу процессинде колдоо көрсөтүү маселелери каралды.
Ректор Нурлан Исмаилов университет компьютердик, инженердик-техникалык жана мета-илимий дисциплиналар боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо менен гана чектелбестен, бизнес менен билим берүү тармактарынын социалдык жоопкерчилигин активдүү ишке ашырууга да өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов университеттин демилгесин колдоп, турмуштук оор кырдаалга туш болгон жаштарды социалдык адаптациялоо, кесиптик окутуу жана ишке орноштуруу маселелеринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгиледи.





















