Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз жарнамаларды жайгаштырган Instagram аккаунттарын жарыялады
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мыйзамсыз ишмердүүлүктү аныктоо жана алдын алуу боюнча маалыматтык рубриканы улантууда.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Instagram социалдык тармагынан Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө жумушка орноштуруу үчүн уруксат берүүчү документтери жок уюшкан түрдө ишке тартуу боюнча мыйзамсыз жарнамалык ишмердүүлүктү жүргүзгөн беш аккаунт аныкталды. Алар:
- lavorokg;
- nurpaiz_job;
- siu_visa;
- visa_hub.kg;
- spekup.kg.
Учурда Борбор тарабынан тиешелүү укуктук баа берүү жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чараларды көрүү үчүн материалдар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Борбор жарандарды этият болууга жана чет өлкөгө жумушка орношуудан мурда агенттиктердин тиешелүү уруксат документтеринин бар-жогун алдын ала текшерүүгө чакырат. Мыйзамдуу иш алып барган агенттиктер тууралуу маалымат алуу үчүн жарандар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборуна кайрылса же migrant.kg сайтындагы тизмеден таанышса болот.
Борбор мыйзамсыз агенттиктер мыйзамдарда белгиленген жол-жоболорду сактабастан жумушка орноштурууну сунуштоо менен жарандардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаратарын, ошондой эле алдамчылык схемаларын колдонушу мүмкүн экендигин эскертет.
Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болсоңуз, 1899 номери аркылуу кабарлаңыз же press@migrant.kg электрондук дарегине маалымат жөнөтүңүз.




















