Кыргызстанда балдарды коргоо жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча социалдык кызматкерлерди даярдоо борбору түзүлөт

 

Самарканд, 2026-жылдын 21-октябры. Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтүп жаткан «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу» дүйнөлүк саммитинин алкагында «Балдарды коргоонун интеграцияланган системаларына инвестиция салуу» аттуу пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Ал «Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын бакубаттуулугун камсыз кылууда социалдык кызматкерлердин ролу» деген темадагы баяндамасында өзгөчө колдоого муктаж болгон балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын тааныштырды.

Аида Исатбек кызы турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды коргоо Кыргызстандын мамлекеттик социалдык саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу балдарды коргоонун улуттук системасын чыңдоо, социалдык кызматкерлердин кесиптик потенциалын жогорулатуу жана балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөөдө заманбап ыкмаларды киргизүү өзгөчө мааниге ээ.

Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири болуп К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин базасында Социалдык кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсү боюнча ресурстук борборду түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлушу саналат. Борборду түзүү адистердин квалификациясын жогорулатууга, кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Министрдин орун басары Кыргыз Республикасы социалдык кызматкерлерди даярдоо системасын өркүндөтүүнү жана колдоого муктаж болгон балдарды жана үй-бүлөлөрдү коштоо механизмдерин өнүктүрүүнү улантарын баса белгиледи.

Негизги артыкчылыктар катары балдарга өз убагында жардам көрсөтүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, баланын эң жакшы кызыкчылыктарын эске алуу менен үй-бүлөлүк байланыштарын сактоо, ошондой эле балдарды зомбулуктун жана эксплуатациянын бардык түрлөрүнөн коргоо белгиленди.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар