Эмгек министрлиги жана GIZ эмгек мыйзамдары жана квалификациялардын улуттук системасын өнүктүрүү маселелери боюнча окутуу семинарын өткөрүштү
КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана GIZ эмгек мыйзамдары жана квалификациялардын улуттук системасын өнүктүрүү маселелери боюнча окутуу семинарын өткөрүштү
2026-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коомчулугу (GIZ) менен биргеликте эмгек мыйзамдарын колдонуу, кесиптик стандарттарды жана тармактык квалификациялар алкактарын иштеп чыгуу маселелери боюнча окутуу семинарын өткөрдү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты. Семинардын негизги максаты адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, эмгек мыйзамдарын колдонуу практикасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын квалификациялардын улуттук системасын өнүктүрүү болуп саналат.
Семинарды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек башкармалыгынын начальниги Карабаева Бермет Бактыбековна ачты. GIZ өкүлү куттуктоо сөзүн сүйлөп, «Борбордук Азиядагы кесиптик жашыл көндүмдөр» долбоору жөнүндө кыскача маалымат берди.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга кесиптик стандарттарды жана тармактык квалификациялар алкактарын иштеп чыгуунун жаңыланган методологиясы тааныштырылып, аны Кыргыз Республикасынын квалификациялардын улуттук системасынын алкагында практикалык колдонуу маселелери каралды. Топтордо иштөөнүн жүрүшүндө катышуучулар кесиптик стандарттарды жана тармактык квалификациялар алкактарын иштеп чыгууда жана колдонууда жаралган актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулап, тажрыйба алмашышты жана өз иштеринин жыйынтыктарын сунушташты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарындагы негизги өзгөрүүлөр, аларды кадрдык иште колдонуунун актуалдуу маселелери, эмгек мамилелерин тариздөөнүн жана кадрдык документтерди жүргүзүүнүн практикалык аспектилери, ошондой эле электрондук эмгек китепчеси кызматынын иштөө маселелери каралды.
Семинарды өткөрүү мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, кесиптик стандарттарды иштеп чыгуунун сапатын жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын колдонуу практикасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.






















