Министрдин орун басары Аида Исабек кызы Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коомун 100 жылдык мааракеси менен куттуктады
2026-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исабек кызы уюмду мааракеси менен куттуктап, гуманитардык ишмердүүлүккө жана калкка жардам көрсөтүүгө кошкон салымы үчүн кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому Министрлик менен тыгыз кызматташып келет. Анын ичинде мамлекеттик социалдык заказдын алкагында да биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө. Кызматташтыктын негизги багыты калктын социалдык жактан аярлуу катмарларын, улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоого, ошондой эле Улгайган адамдардын күнүнө жана Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата иш-чараларды өткөрүүгө багытталган.
Тараптар мындан ары да кызматташтыкты чыңдоону, социалдык демилгелерди өнүктүрүүнү жана колдоого муктаж жарандарга жардам көрсөтүүнү улантышат.





















