Эки балдар мекемеси аккредитациядан өттү
2026-жылдын 28-октябры, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Аида Исатбек кызынын төрагалыгы алдында Аккредитациялоо комиссиясынын жыйыны өттү.
Буга чейин комиссия тарабынан Красноречка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын жана К. Тилебаев атындагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Панфилов мектеп-интернатынын ишмердүүлүгүнө жеринде баалоо жүргүзүлгөн.
Жерине барып баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө мекемелердин ишмердүүлүгү, балдардын жашоо, багуу жана тейлөө шарттары, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын белгиленген талаптарга жана стандарттарга шайкештиги бааланган.
Комиссиянын жыйынында аталган мекемелердин аккредитациядан өтүү боюнча арыздары жана жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгы боюнча эксперттик топтордун корутундулары каралды.
Берилген материалдарды кароонун жыйынтыгында комиссия эки мекеменин тең аккредитация талаптарына шайкеш келери жөнүндө чечим кабыл алып, аларга аккредитациядан өткөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү чечимин чыгарды.
Балдар мекемелерин аккредитациялоо көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле алардын жашоосу, тарбияланышы жана өнүгүшү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган.





















