Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кулактандыруу. Кеңештин курамына кирүү үчүн коммерциялык эмес уюмдардан арыздарды кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-cентябрында № 680-т “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш жөнүндө” тескемеси (мындан ары – Кеңеш) жаңы редакцияда иштелип чыкты.
Тескеменин 12–16-беренелерин ишке ашыруу максатында, Кеңештин курамына кирүүнү каалаган, республикадагы майыптыгы бар адамдардын ар түрдүү топторунун кызыкчылыктарын коргогон коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлердин тизмесин чогултуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгы белгиленет.
Кеңештин курамындагы коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзүүгө;
2) майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасына ээ болууга.
Кеңештин курамына киргизүү жөнүндө арызда коммерциялык эмес уюм өзүнүн ишинин чөйрөсүн, кызматкерлердин санын, ишке ашырылуучу долбоорлорду, максаттарын жана милдеттерин, жооптуу адамдар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле өзүнүн дарегин жана байланыш маалыматтарын көрсөтүүгө милдеттүү.
2026-жылдын 3-ноябрында Кеңештин курамын коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүү үчүн жалпы чогулуш өткөрүү пландалып жаткандыгын Министрлик маалымдайт.
Ушуга байланыштуу, Кеңештин курамына кирүүнү калаган талапкерлердин арыздары 2026-жылдын 2-ноябрына чейин Социалдык коргоо департаментине жөнөтүү зарыл (конт. тел: 39-15-88, Орозбаева Анара Убалиевна).




















