Министр Алмаз Имангазиев ТМУга мүчө мамлекеттердин үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча жолугушуусуна катышты
Анкара, 2026-жылдын 30-октябры. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) XIII саммитинин алкагында уюштурулган үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча министрлердин жолугушуусуна катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлө институтун чыңдоо, балдарды коргоо, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана түрк мамлекеттеринин ортосунда социалдык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Министрлердин жыйынында сөз сүйлөгөн Алмаз Имангазиев үй-бүлөнү, энеликти жана аталыкты колдоо, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу жана балдарды тарбиялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттары экенин белгиледи.
Министр аялдардын лидерлигин өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ал өлкөдө 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылып жатканын белгилеп, шайлоо мыйзамдарын реформалоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештеги аялдардын үлүшү мурдагы чакырылыштагы 22 пайыздан 33 пайызга жеткенин маалымдады.
Ошондой эле Алмаз Имангазиев түрк мамлекеттери үчүн жалпы болгон демографиялык өзгөрүүлөр, жаш үй-бүлөлөрдү колдоо, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, киберзомбулукка каршы күрөшүү жана балдардын санариптик чөйрөдөгү коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу актуалдуу маселелерди белгиледи.
Алмаз Имангазиев Түркиянын ТМУнун үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Кеңешин түзүү демилгесин колдоп, тажрыйба алмашуунун, биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуунун жана үй-бүлөлөрдүн, аялдардын жана балдардын кызыкчылыгында практикалык натыйжаларга жетишүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Иш сапарынын алкагында министр «Сарай Энгельсиз Яшам» аттуу үй-бүлөлөрдү багуу, реабилитациялоо жана колдоо борборуна да барды. Ал жерде майыптыгы бар адамдарга кам көрүү жана реабилитациялоо иштеринин уюштурулушу, алардын жашоо шарттары жана үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо ыкмалары менен таанышты.





















